Куудул Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жарандын соту 18-январга жылдырылды

Куудул Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жарандын соту 18-январга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Ош шаардык сотунан билдиришти.

Сот отуруму бүгүн саат 14:00гө белгиленген, бирок соттолуучунун жактоочусу сотко катышуудан баш тарткан. Мындан улам кийинки отурумда аны мамлекеттик жактоочу жактамай болду.

Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 21-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1-Б үйүнүн алдында болгон. Анда 2004-жылы туулган Туратбек Акпаралиевди (Жеңишбекович) 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран бир нече жолу бычак менен сайып салган. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан