Үйлөрдүн үстүнө кулаган Боинг учагы Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. "Манас" аэропортунан билдиришкендей, жүк ташуучу учак Гонконг-Стамбул каттамы боюнча абага көтөрүлгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Бирок конордо кырсыкка кабылып, Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылындагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 32ге жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.