Бишкектеги авиакырсыктан каза болгондордун саны 32ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Маалыматка караганда, учактын ичиндеги 4 адам жана жергиликтүү тургундардан 28 адам каза болгон. Ошондой эле 8 адам ооруканага жеткирилген.
Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, учкучтардын бири шок абалда басып жүргөндө медицина кызматкерлери ооруканага алып кетишкен. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулаган.