Кырсыкка учураган учактын экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөндөрү белгилүү болду

Бүгүн, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортунун жанындагы Курулуш башкармалыгынын дачасына кулаган Боинг 747 учагы Кытайдан Түркияга жүк ташыган “АСТ” деген фирмага таандык болгон. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн токтоп, андан ары Түркияга учмак. Тилекке каршы, конор алдында кырсыкка учурап, 30дан ашык жергиликтүү тургундун жана экипаж мүчөлөрүнүн өмүрүн алып кетти. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда. Ал эми түркиялык айрым басылмалар учактын ичиндеги экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөндөрүн жарыялашты. Алар Ибрагим Гүржан Динаржы, Казым Өндүл, Мелих Аслан жана Ихсан Кожа болушкан. Ошондой эле маалыматта Казым Өндүл аттуу учкуч Ооганстанда иштеп, 2009-жылы АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондон сыйлык алганы айтылат.

Кырсыктын келип чыгышы боюнча атайын комиссия түзүлөрүн Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттиги билдирди. Учурда Эл аралык жарандык авиация уюму, Мамлекеттер аралык авиациялык комитети жана Түркиянын авиациялык мекемесине билдирүү жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nazgulum
2017-01-16 16:07:32
Бул турктордон путин оч алган жокпу деген ой келди россияда эмес кыргызстанда россияда болсо ызы чуу чыгып кетсе к.к депчи адамдын ойу жаман дегендей ошентипта ойлоп кеттим
-15
naida81
2017-01-16 16:37:55
nazgulum,кырсыкты кырсык деп билеличи, саясатташтырбай, он нерсе ойлобой калдык го баарыбыз арам болуп....
+17
isnur93
2017-01-16 16:32:39
Торт адам менен оч алмак беле
+14
Doni99
2017-01-16 16:37:13
Arty kaiyrluu bolsun
+8
Azizbek.kg8
2017-01-16 16:41:44
Баарынан бе куно Кыргызстандыктар ажал тапты.Каргашалуу кун орду толгус жоготуу.болду биз учун.
+13
Salman.eldar
2017-01-16 16:47:22
Путинге асылбай, оз тирилигинерди жасагылачы! Путиндей эч ким боло албайт
+10
tatynam_88
2017-01-16 17:22:32
Кырсык да.бейкуноо наристелер ойгонбой кетти.кыргызыма каран кун тушту.баарына сабыр тилейм.темирден бекем сабыр...окуган сайын тамак буулугуп,козумдон жаш кылгырат.эртен...деп максат менен уйкуга кеткен шордууларым ойгонбой калды.тыптыйпыл болду ...баары....бут баары...ооох жаратканым ай...
+4
Bubu88
2017-01-16 17:33:54
Путин оч алгысы келсе жаткан жеринен жайлайт асманга учуруп отурбай бул биринчиден а экинчиден Путин экөөбүзго окшоп ХХХ эмес товар салынган учакты кулатып өч алгыдай өч алам десе туркияны түп орду менен жок кылганга күчү жетет жазат десе жаза бербегилечи ойду тоону
+4
admin_portal
2017-01-16 17:36:48
Bubu88, этика нормаларын сактаңыз!
0
abde-7082
2017-01-17 15:31:37
кыргызыма каран кун тушту.баарына сабыр тилейм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан