ИИМ: Жергиликтүү тургундар кырсык болгон жерден чогултулган товарларды өз эрки менен өткөрүп беришүүдө

Жергиликтүү тургундар кырсык болгон жерден чогултулган товарларды өз эрки менен өткөрүп беришүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4 адам чогултулган товарларды өз эрки менен өткөрүп берген. Учурда кырсык болгон жер курчоого алынып, 500дөн ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипке көз салып турушат.

Буга чейин уурулук боюнча бир факт катталып, 1985-жылы туулган Т.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалганын Ички иштер министрлиги билдирген болчу.

Айта кетсек, "Манас" аэропортунун жанындагы Аэрофлот дачалык тилкесине кулаган учак Гонконгдон келе жаткан. Анын ичинде 85 тонна калкка керектүү товарлар (уюлдук телефон, кийим-кече жана башкалар) болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
luntishka
2017-01-17 15:08:03
Жакшы алып келгендери
+4
Fatimka
2017-01-17 16:06:51
Булунгондон бучу алба дейт. Эч нерсе албагыла. Бардыгын откоруп бергиле.
+4
erkeleim
2017-01-17 18:25:17
касапчыга мал кайгы кара эчкиге жан кайгы деп кантип дити барып алды экен бети жоктор адам каны тогулгон жерден
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан