Баткенде эки жыл мурун ажырашып кеткен аялын таш менен башка чаап өлтүргөн жаран кармалды

Баткенде эки жыл мурун ажырашып кеткен аялын таш менен башка чаап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 15-январь күнү саат 10:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылындагы Чет-Булак тилкесинин күн чыгыш тарабынан белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, каза болгон аял 28 жаштагы Чек айылынын тургуну Г.Т. экенин аныкташкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары маркумдун мурдагы күйөөсү, 34 жаштагы С.Э. кармалган.

Шектүүнүн айтымында, экөө борбордук базардан жолугушуп калышып, унаасы менен Чет-Булак тилкесиндеги талаага барышкан. Кийин ортолорунда уруш чыгып, Г.Т. намысына тийген сөздөрдү айткан. Анан намысына чыдабай таш менен бир нече жолу башка чапкан. Ошондой эле шектүү маркумдун сумкасын, телефонун сууга ыргытып, кыздарына алган боюмдарын жол четиндеги арыктын боюна таштап кеткен.

Айта кетсек, экөөнүн ортосунда 4 жаштагы эгиз кыздары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
baltabai
2017-01-17 18:11:18
ХХХ turbaiby
+1
ayjan_90
2017-01-17 18:12:50
Алсыз эркек аялга кол которот башкага кучу жетпейт да ылайым турмодо сени да башка чаап ХХХ
+5
Ayida
2017-01-17 18:25:24
А дейсин Б дейсин адамдын башына салбасында мындайды. Шайтан ойногонда ошол учун никеси жок адамдар ээн уйдо ээн жерде болбош керек чогуу аял эркек.
+1
Ayida
2017-01-17 18:27:02
Кее бир аялдар тили заар коруп эле журобуз адам чыдагыс создорду айтат.
+2
isnur93
2017-01-17 18:36:42
Тооба кылдым,бизде байлардын заманы болуп жатканы учун олум коп болуп жатат,бироону олтуруп коюп,акча менен чыгып кетишип жатат.
+1
erkeleim
2017-01-17 18:42:59
Чубак ажыбызды кобуроок уккула динден тарбия алгыла чыныгы эркек аялдын тенелип айтышпайт.кыздарына кыйын энесиз энедей ким куйот балага(((((
+6
Seiil.94
2017-01-17 20:12:22
акмакчылык
0
dinar.meilibaeva
2017-01-17 21:59:13
иии жаман болуптур... жайы жанаттан болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан