Американын Флорида штатындагы Тампа шаардык соту Украинанын 2 жаранын 25 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Игорь Польшин жана Алексей Цуркан өткөн жылы ноябрь айында 370 килограмм баңгизатын (кокаин) алып бара жаткан жерден кармалышкан. Эгерде сатып жетишкенде, кылмышкерлер 10 миллион доллар алышмак. Алар баңгизаттарын аткезчилик жолу менен Пуэрто-Рико тарапка алып өтүүгө аракет кылышкан.