Зимбабве өлкөсүндө чагылган 6 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык өлкөнүн батыш тарабындагы Матабелеленд облусунда катталган. Бул күнү жергиликтүү жашоочулар каза болгон адамды жерге берүү зыйнатына чогулушкан. Аба ырайы бузулуп, турак үйгө чагылган түшүп, үй күйүп кеткен. Мындагы чагылгандан жабыркагандар болгон эмес. Ал эми кийинки жолку чагылган даракка түшүп, дарактын алдына жаандан жашынып турган 6 адам каза болуп, 3 адам денесинен күйүк алган.