"Кыргыз почтасы": "Уурулар сейфти ичиндеги акчасы менен кошо көтөрүп кетишкен"

Уурулар сейфти ичиндеги акчасы менен кошо көтөрүп кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар сейфти ачууга аракет кылышкан. Бирок ачылбаган соң өздөрү менен чогуу алып кетишкен. Азырынча сейфтин ичинде канча суммадагы акча болгону белгисиз. Тиешелүү материалдар топтолуп, райондук милиция кызматкерлерине берилди.

Айта кетсек, окуя 19-январга караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Жумгал районундагы филиалына киришип, кароолчуну ур-токмокко алышкан. Ошондой эле сейфтин ичинен ири суммадагы акчаны алып кетишкени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
semo
2017-01-19 18:16:39
Кармалат да качып кайака барат уурунун көтү кууш деген сөз бар кыргызда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан