Балыкчыда 14 жаштагы өспүрүм автоунаа уурдоого шектелип кармалды

Балыкчыда 14 жаштагы өспүрүм автоунаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Балыкчы шаарынын К.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 3-январь күнү белгисиз адам ВАЗ 2101 үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 14 жаштагы өспүрүм кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан