Тегеранда 15 кабаттуу имараттан өрт чыгып, толугу менен урап калды

Ирандын борбору Тегеранда 15 кабаттуу имараттан өрт чыгып, толугу менен урап калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган имаратта өрт бүгүн эртең менен башталган. Ошол замат ичиндеги адамдар сыртка чыгарылып, 20дан ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан ар түрдүү жаракат алгандардын саны 70ке жетти. Өрт өчүрүлүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам имарат толугу менен урап калган. Мунун кесепетинен каза болгондор бар, алардын саны 30га жакын. Көпчүлүгү өрт өчүрүүчүлөр экени маалым болду. Учурда куткаруу иштери жүрүүдө.

Айта кетсек, 17 кабаттуу имаратта соода борбору жана кийим тигүүчү цехтер жайгашкан. Кырсык болгон аймакта Ирандагы Орусия, Түркия, Улуу Британия жана Германиянын элчиликтери жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Azizbek.kg8
2017-01-19 18:30:07
Тобо не деген заман болуп жатат
0
xadyr
2017-01-19 18:58:54
Azizbek.kg8,не деген заман? илгери эмне эч ким кырсыктан өлгөн эмеспи? эптеп эле бир деме жазыш экен да.
+5
Uson13
2017-01-19 18:36:28
Өрт болсо эле толугу менен урап калышы мүмкүн эмес
+2
Artur555
2017-01-19 18:36:40
Тобо... жыл башынан еле адамдар олуп, кырсык болуп... кудай озун сактаа.
+4
kanykey125
2017-01-19 21:06:18
Жаман болуптур!Аран эле турган имарат но чамасы.Каза болгондордун арты кайрылуу болсун
0
aibars
2017-01-19 22:09:40
Эгер Элчиликтер ошол жерде жайгашса анан орт болуп эле кыйрап калса бул жерде дагы башка себептер бар. Каза болгондордун жаны жанатта болсун.
0
Kg.arts.
2017-01-19 23:07:28
aibars,Элчилик ошол имаратта эмес, ошол аймакта жайгашкан. Имараттын элчиликке тийешеси жок.
0
Boldukan86
2017-01-20 01:13:36
Аллахым озун сакта. кантип тушунушту да билбей калдык. кырсык олом кырсык. коркуп да калдык
0
dina-85
2017-01-20 01:33:24
Окуяга ишениш же ишенбешимди да тушунбой калдым...
0
almazbei
2017-01-20 02:08:28
Тообо жакшы жанылык уга турган кун барбы деги , кунуго эле кырсык каякты караба ?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан