1-майда саат 10:00дө Кант шаарындагы “Абдыш-Ата” спорт-комплексинде кыздар арасындагы футбол боюнча өлкө чемпиондугу старт алат. Аталган спорт түрүнүн федерациясы билдиргендей, мелдешке "Абдыш-Ата", "Южанка” футбол клубдарынын, КРнын Футбол федерациясынын, Каракол шаарынын, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын командалары катышмакчы. Иш-чара 5-майда соңуна чыгат.