Тажикстандагы кар көчкү 7 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 28-январдан 29-январга караган түнү Дүйшөмбү-Хужанд жана Хорог-Мургаб унаа жолдорунда болгон. Биринчи унаа жолунда болгон кар көчкү 5 адамдын өмүрүн алса, экинчи унаа жолундагы көчкүдөн 2 адам каза болгон.
Дүйшөмбү-Хужанд унаа жолунда бир учурда жалпысынан 40ка жакын кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен 200гө жакын унаа орто жолдо калган. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети 800гө жакын адамды жана жолдо камалып калган унааларды коопсуз жайга чыгарган.