Мадагаскар өлкөсүндөгү үйлөнүү той учурунда 45 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, үлпөт той учурунда тойдун катышуучулары автобус менен баратып кырсыкка учурашкан. Көпүрөдөн кулап, дарыяга түшүп кеткен автобуста 70тей адам отурган. Арасында үйлөнүп жаткан жаштар да болушкан. Каза тапкандардын катарында 9 бала, 27 аял, калгандары чоң кишилер болгон. Кырсык учурунда көпчүлүк тургундар сууга чөгүп кетишкен.
Учурда жергиликтүү бийлик кырсыктын себептерин тактоо аракетин көрүп жатат. Жол кырсыгында айдоочунун да каза болгону айтылууда.