Өткөн суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Кечээ, 31-январда Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылынын Алматай көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Натыйжада короодогу 11 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн чыгышына балдардын от менен ойногону себеп болгон.