Бишкек-Ош жолунда автоунаа оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 31-январь күнү Жайыл районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 114-чакырымында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Автоунаанын ичинде 4 адам болгон. Алардын ичиндеги 2 адам жолдогу унаалар менен кетишкен. Ал эми айдоочу менен дагы 1 жүргүнчүгө куткаруучулар медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, унааны эвакуаторго жүктөп беришкен.