Өлкө башчы Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарында болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
"Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.
Расмий сапардын алкагында Жапаровдун Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган.
Бул сапар Кыргызстандын президентинин акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат",- деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.