Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"26 жаштагы Т.А. аттуу тургун милицияга арыз менен кайрылган. 18-январь күнү саат 17:00 чамасында Гоголь-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Нурболот аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, Субару Легаси үлгүсүндөгү автоунаасына техникалык паспорт алып берем деп 248 000 сом алган. Андан соң ал изин суутуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Алдамчылыкка шектелип Чүй облусунун 30 жаштагы К.Н. аттуу тургуну кармалган. Азыркы учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.