Сокулук районунда поезд менен оор жүк ташуучу унаа сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 31-январь күнү саат 15:35 чамасында "Шопоков" жана "Сокулук" станцияларынын ортосунда болгон. Анда жүк ташуучу унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл жанганына карабай темир жолдон өтүүгө аракет кылган. Бирок ал толук өтүп кетүүгө үлгүргөн эмес. Кырсыктын кесепетинен унаа жана тепловоз зыянга учураган. Ошондой эле унаанын айдоочусу жабыркаган.
Ошол эле күнү эртең менен Кыргыз өлкөсүнө караштуу дагы бир поезд Казакстандын аймагында кырсыкка кабылган. Анда Бишкекке келе жаткан поезддин Жамбыл облусунун Мерке айылында 6 вагону рельстен чыгып кеткен.