Балыкчы шаарында 10-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 31-январь күнү болгон. Анда Абдылдаев атындагы орто мектепте 10-класста окуган бала өз үйүндө асынып алган.
"Каза болгон бала томолой жетим болгон. Ал ата-энесинен айрылган соң чоң энесинин колунда калган. Азырынча өз өмүрүнө кол салуунун себеби белгисиз болууда", - деп билдиришти Балыкчы ШИИБинен.