2016-жылы Чүй облусунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча 32 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2016-жылы облус аймагында ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча 44 факт катталып, анын 32сине кылмыш иши козголгон. Ошондой эле 160 адам өз эрки менен мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өткөрүп берген. Жарандардан жалпы 106 сайсыз мылтык, 4 сайлуу мылтык, 1 кесик мылтык, 24 газ тапанчасы, 12 граната, 3 жардыргыч заттар, 416 даана ок-дары алынган.