Бишкекте 5-кабаттан боюн таштап каза болгон окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Окуяны Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтеп жатышат. Окуучунун өлүмү боюнча "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" жана "өзүн өлтүрүүгө түрткү берүү" беренелери менен кылмыш иши козголду", - дейт Казабаев.
Кечээ, 1-февраль күнү саат 05:00 чамасында Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы №13/2-үйүндө 8-класстын окуучусу 5-кабаттан боюн таштап каза болгон. Анын өз өмүрүнө кол салуусуна социалдык тармактардагы "Синий кит" оюну себеп болгону айтылууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы баланын өз өмүрүнө кол салуусуна дал ошол интернеттеги кооптуу оюн себеп болгонун айта элек.