Жайыл районунда таксист кардарынын өлүмүнө шектелүүдө

Жайыл районунда таксист кардарынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-февралга караган түнү Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция кызматкерлерине 1993-жылы туулган С.А. кайрылып, 40-45 жаштагы адамды өлтүрүп алганын айткан. Окуя болгон жерге барган учурда белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, 31-январь күнү саат 21:00 чамасында жашы 40-45 чамасындагы адам келип, 100 сомго жеткирип коюшун суранган. Белгиленген жерге жеткен соң ал адам айдоочуга бычак такаган. Ошол учурда айдоочу бычакты жулуп алып, кардарын төш тарапка сайып жиберген. Андан соң милиция кызматкерлерине кайрылган.

"Учурда шектүүнүн көрсөтмөсү текшерилүүдө. Анын бетинде да бычактан алган жаракаты бар. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азырынча маркумдун толук аты-жөнү тактала элек. Алдын ала маалымат боюнча, 1964-жылы туулган Чүй облусунун тургуну. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан