Кара-Суу районунда тургунду тапанча менен коркутуп, 1500 долларын алып кеткендер кармалышты

Кара-Суу районунда тургунду тапанча менен коркутуп, 1500 долларын алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын январь айынын ортосунда болгон. Анда белгисиз 4 адам 30 жаштагы М.Н. аттуу тургунду тапанча менен коркутуп, 1500 долларын жана уюлдук телефонун алып кеткен. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ош шаарынын 4 тургуну кармалган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан