Ооганстанда кызганычтан улам күйөөсү аялынын эки кулагын кесип салды. Бул тууралуу жабырлануучу BBC`ге айтып берген.
Маалыматка караганда, окуя Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясында болгон. 23 жаштагы Заринаны күйөөсү "башка эркектер менен сүйлөшөсүң" деп айыптаган.
"Мен эч кандай деле күнөө кылган эмесмин. Күйөөм мындай ишке эмне себептен улам барганын так айта албайм. Ата-энемдикине кеткенде "башка эркектер менен сүйлөштүң" деп шектене берчү. Мен ага 13 жашымда турмушка чыккам", - дейт Зарина.
Учурда Зарина ооруканада, анын абалы туруктуу. Ал эми күйөөсү окуя болгон күнү качып кеткен. Азырынча ал кармала элек.