Күбөлөр: "Кырсыктан каза болгондор 17-19 жаштагы эки бала жана бир кыз" (фото)

Бүгүн, 2-февралда болжол менен саат 20:30да орун алган жол кырсыгы Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн ВДНХ аймагында катталган. Жол кырсыгына кабылган Субару Импреза үлгүсүндөгү жеңил автоунаада 17-19 жаштагы 2 бала жана 1 кыз болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, такси кызматынын унаасы жолдун каршы тилкесине чыкканда, катуу ылдамдыкта бара жаткан Субару такси унаасынан буйтап, жолдун четинен чыгып даракты сүзүп алган. "Субарудагы үч адам каза болду. Айдоочу 19 жаштагы бала экен", - дешти күбөлөр.

Бишкектеги кырсык (2.02.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Seiil.94
2017-02-03 00:15:14
Жаман болуптур ии байкуштар.жаткан жерлери жайлуу болсун
0
Damir1965
2017-02-03 00:15:51
Ушунун баары мактанычтан болду.Ичинде кыз бар турбайбы.Биздин Нарындык таксилер дагы ушундай ичине аял заты тушуп калса опколонуп светофорду карабай катуу айдап калышат.
+4
korgoshun
2017-02-03 00:30:35
Ушу бироо катуу ылдамдыкта келаткан машинанын алдына жол тороп чыга калгандардын айынан болот ушу кырсык. Айдоочулар айланайын особенно таксисттер жол торобогулачы. Силерге не пайда тоскондо? Силер алдына жол тороп чыга калганда тиги машина качам деп жол кырсыгы болуп атпайбы! Ойлонгулачы
+5
mambo-1984
2017-02-03 00:50:21
Импреза бараткан анан астыда бара жаткан ХХХ такси встречкага чыга калып адан буйтайм деп ушул кырсык болду
-2
nur...nur.
2017-02-03 02:34:06
Ээ жаш эле балдар экен жаткан жери жайлуу болсун шашылбай айдаса бул иш болмок эмес
0
CAPITAL
2017-02-03 04:16:24
Ох блиин, чачылып кетиптирго!
0
Kroxa
2017-02-03 07:35:21
Жанчылганын кара жарыктык ай...
0
Take_men
2017-02-03 07:48:06
Айланайын таксичилер маршруткачылар силерге да бала чака багыш керек тушунобуз. Бирок силер дайыма правила бузуп айдайсынар эч качан уступать этпейсинер(90%). Таксичинин айынан 3 жаш омур жалп очту
+2
Take_men
2017-02-03 07:49:40
Аябай катуу айдаган балдар да куноолу. Артынан жамандагандай болбойлу
0
souza.j
2017-02-03 08:19:21
Кырчындай омурлор кыйылды чиркин
0
admin_portal
2017-02-03 09:05:31
Kroxa, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
baltabai
2017-02-03 09:25:36
Шашкан шайтан иш детго шайпай эле айдаса болотго эхо
Жаткан жери жайлуу болсун
0
bond02
2017-02-03 09:39:58
Омур озунуку, унаа озунуку, правила озу каалагандай, азыркы жаштарга эмне дей аласын анан.
0
admin_portal
2017-02-03 10:17:31
mambo-1984, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
0
dinar.meilibaeva
2017-02-03 12:37:41
жаш болсо да жел опко ошойт.. таксиде эмне куноо жаны чыгып айдаган тигиде да....такси кайдан билиптир анын каттуу ылдамдыкта келатканын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан