Кечээ, 2-февралда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн ВДНХ аймагында жол кырсыгынан каза болгон мектеп окуучусу менен эки студенттин аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааны 1998-жылы туулган Ф.Н. айдап бараткан. Унаанын ичинде Кыргыз-Орус Славян университетинин 2-курсунун студенти, 1996-жылы туулган Анна Н. жана №37-орто мектептин 11-классынын окуучусу Тимур Х. болгон.
Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, Субару Импреза унаасынын айдоочусу катуу ылдамдык менен айдап бараткан. Такси кызматынын унаасы жолдун каршы тилкесине чыкканда Субару такси унаасынан буйтап, жолдун четинен чыгып даракты сүзүп алган.