2-февралда Бишкектеги Максим Горький көчөсүндөгү "Азамат" кафесинде журналист Азият Жекшеевдин аппаратурасын талкалаган балдар окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобуна каршылык көрсөтүп, топтун кызматтык унаасына да залал келтиришкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 3-февралда билдиришти.
"Саат 03:40та арыз ээси видео тартып жаткан маалда белгисиз адамдар анын видеокамерасын тартып алып талкалап салышкан. Маалымат түшкөн соң Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Видеокамераны талкалагандар бишкектик 1995-жылкы А.А., 1997-жылкы Л.А. жана А.А. экени аныкталып, аларды кармоо маалында каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам кызматтык унаанын күзгүсү талкаланган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, учурда кылмыш иши ачылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.