Кечээ, 2-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин террорчулукка каршы иш-аракетинин натыйжасында эл аралык террордук уюмдардын биринин каржыланышын уюштурууга шектелип Кыргыз жараны, Ош облусунун тургуну 1984-жылкы З.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-февралда билдирди.
"З.К. 2012-жылы Египет жана Сирия диний окуу жайларында окуп жүрүп, эл аралык террордук уюмдардын жетекчилери менен жакындашканы аныкталды. Ал ошол эле жылы уюмдардын мүчөлөрү менен Араб өлкөлөрүнүн биринде террордук уюмдарды каржылоо боюнча коммерциялык иш-аракетин жүргүзгөн. 2015-жылы январь айында З.К. Кыргыз Республикасынын аймагына кайтып, акчалай каражаттарды которуу менен эл аралык терроризмди каржылоо боюнча ишин уланткан", - деп билдирет УКМК басма сөз кызматы.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.