Бүгүн таңга маал Бишкекте 1999-жылкы кыз 8-кабаттан секирип каза болду

Бүгүн, 4-февралда болжол менен 06:55те Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жаш кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге барган ыкчам топ 1999-жылкы кыз 8-кабаттан секирип кеткенин аныктаган.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыз Бишкекте иштеген 45 жаштагы тууган эжеси менен жашаган, апасы учурда Орусияда. Ошондой эле кыздын ата-энеси мурун эле ажырашып кетишкени белгилүү болду.

"Буга чейин жашы жете элек кыз Москвада апасы менен жашап, ошол жакта окучу, бир нече жолу психиатрга кайрылган, талма оорусу менен ооруган. Өткөн жылы жазында ден соолугуна байланыштуу климат өзгөртүүгө Бишкекке келген", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматы.

Окуучу борбор калаанын мектептеринин биринде 11-класста окуган. Мектеп директорунун айтымында, кыз 3 күн окууга келген эмес. Ал эми тууганынын айтымында, ал 3 күн бою баш оорусуна даттанып, орусиялык дарыгерлер жазган дарыны ичип жүргөн.

"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул окуянын виртуалдуу оюндарга тиешеси жок. Факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда кыздын социалдык тармактардагы виртуалдуу оюндарды ойногону тууралуу маалымат жок. Окуучунун жакындары жана классташтары, ата-энеси, туугандары менен болгон мамилелери такталууда", - деп кошумчалашкан ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
nurik2103
2017-02-04 18:25:46
бул кыз, СИНИЙ КИТ оюнунун мучосу экен! сак болгула бул оюндан! бир жолу ойногондон кийин артка жол жок экен Россияда 8-кластын окуучусу озунун жанын кыйыптыр, Рен тв новостиден корсотушту, гипноз деген диагноз менен!!!
-1
Asan123
2017-02-04 18:29:16
Жаш балдарга конул буруп ички дуйносун тушунуго аракет кылса Жаш баланы ит карагандай эле болуп баратат Оз баласын бироого таштап
0
kanyshai_2011
2017-02-04 19:56:45
Оо жараткан кудайым ар бир адамга ыйман бере кор.жаш балдарга не болуп атат.ткшунбой деле калдым.ойунгабы же оздорунун женилдигиби.балдарыбызга акыл ес ыйман мээрим ынтымак берегор жараткан.
0
mairam90
2017-02-04 20:14:57
Ошто дагы бир 12 жаштагы бала асынып алыптыр
0
Attila88
2017-02-04 20:21:04
эч тушунбодум.оюнга кошулсан биринчи кундон эле приказ берсе неге аткара берет.же акча берип азгыратбекен.жондон жон эле приказ берсе аткарабербесен кнрек.кимдин маалыматы бар ушул боюнча толук.билменер жазгылачы
0
nur_zhoni
2017-02-04 20:31:19
Attila88,жениш учун аткарасын кулака тебетда алар женсен мындай болосун интернетте популяр болосун андай болосун деп
-1
RaHat19
2017-02-04 21:43:36
асынып алды атайын учуп олду секирип кетти дегендерди жазбай элэ койгулачы балдар окуса отоэле кооптуу
+1
inspektor.kg84
2017-02-04 23:05:44
мындан 10-15-жыл мурда мындай окуяларды кабарлардан арандан зорго уксан,азыр озун ан кулап кайра чыксан интернеттен озун окуп каласын,жанылыктарды берууну бир аз болсо дагы ооздукташ керек го деп ойлоп жатам.Себеби азыркы жаш балдар аны угаар замат,мен ата энемди ушинтип коркутуп коем деген ойго келип жатышат болуш керек
+1
inspektor.kg84
2017-02-04 23:06:20
кудайым озу сактасын эмнеси болсо дагы
0
Firdaus-Muslim
2017-02-04 23:22:07
Ой тообо, ой тообо этаж үйлөрдөн секирип өлүү, асынып өлүү, мурун мындай адамдын үрөйүн учура турган кабарларды укчуу эмес элек. Акыркы күндөрү көп укчуу болдук тообо кылдым.
0
DNurgiza
2017-02-04 23:35:27
бул кыздын өлүмү оюнга тиешеси жок экен. Байкуш кыз психиатрда дарыланчы экен го...(((
-1
bond02
2017-02-05 08:07:10
Жаш оспурумдорду жер тамдарга кочурот окшойбуз эми.
-1
azatbek19995
2017-02-05 11:52:25
бул оюн инстаграм да ойносон болот просто сага суроо берет
бул оюндун максаты туппой адамдарды олтуру экен имиш ким тупой акылы кем болсо ошо го ишенип олум ишине барат экен
0
azatbek19995
2017-02-05 11:55:26
буну инстаграм да ойносон болот просто сага суроо берет бул оюндун максаты туппой адамдарды олтуру экен имиш ким тупой акылы кем болсо ошо го ишенип олум ишине барат экен
0
ularik_kg
2017-02-06 02:18:52
кайда бара жатабыз, О Аллах озун сактай кор
0
baltabai
2017-02-07 15:48:46
Kudai saktasy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан