Өткөн суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Бишкек шаарындагы Рыскулов көчөсүндө Мазда 62 үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана ички панели күйгөн. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан чыккан.