Үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылган кыздын интернеттеги оюнга эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Анын айтымына караганда, окуя 5-февраль күнү саат 09:30 чамасында болгон. Анда 1996-жылы туулган кыз үй-бүлөлүк таарынычтардан улам үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылган. Ал Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 2-курста окуйт.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылганын маалымдаган.