Бир жума ичинде мурда катталган 184 кылмыштын бети ачылды

Өлкө аймагында бир жуманын ичинде мурда катталган 184 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январдан 5-февралга чейинки аралыкта республика боюнча 2019 кылмыш иши катталган. Алардын ичинен 361 кылмыштын бети ачылган. Ал эми 111 кылмыш изи сууй электе аныкталган.

"Өткөн жума ичинде мурда болгон 184 кылмыштын бети ачылган. Адам өлтүрүү боюнча эки кылмыш, 16 тоноочулук, 4 талап-тоноочулук, 2 денеге залал келтирүү жана 7 зордуктоонун бети ачылган. Мындан сырткары 258 алдамчылык, 58 уурулук, 9 мал уурулук, 5 унаа уурдоо фактысына тиешелүүлөр кармалган. Ошондой эле 1 килограм 96 грамм мыйзамсыз баңгизат табылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ulchana
2017-02-06 12:57:41
Кыйратыпсынар
-2
magnat1013
2017-02-06 13:30:36
авиа кырсыктын бети качан ачылат экен а, тоок урдады, бироого тетири карады деген кылмыштар ачылып 39 адамдын омурун алган кырсык жабык бойдон кал берет бекен?
+2
attokur91
2017-02-06 14:57:39
жакшы иштеп жатыптыр
-1
ulchana
2017-02-06 16:32:59
Булар ушинтип маалымдап кое берет,соттор каалагандай чечим чыгарып алышат акчасына карап
+1
bond02
2017-02-07 09:30:00
Охоо кандай керемет болуп кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан