"АКШга виза ачып берем" деп ири суммадагы акчасын алып, алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына 4-февраль күнү арыз менен З.Б. аттуу тургун кайрылган. Ал "Америка Кошмо Штаттарына виза ачып берем" деп 8 миң доллар акчасын алып, алдап кеткен жаран тууралуу айткан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын 39 жаштагы Ж.Р. аттуу тургуну кармалган.
"Учурда кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайда. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн башка дагы ушундай 4 кылмышка тиешеси бар экени аныкталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.