Чүй облусунун тургуну "8 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылды" деп шектелүүдө

Чүй облусунун тургуну "8 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылды" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарына Петровка айылынын тургуну кайрылган. Ал Рыспек аттуу жаран кичинекей кызды муунтууга аракет кылганын айткан.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 42 жаштагы М.Р. кармалган. Белгилүү болгондой, 8 жаштагы кыз короодо ойноп жаткан. Ал кыз үйүнөн акча уурдап жаткан кошунасын көрүп калат. Мас абалында болгон киши кызды муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган. Ошол учурда үйгө кыздын атасы кирип калган. Кармалган жаранга карата "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nuura-shirin
2017-02-06 16:30:09
Адамдар эмне болуп баратат тооба
+4
kirgizstan
2017-02-06 16:43:02
Бугунку кун не деген кун болду
-3
attokur91
2017-02-06 21:19:58
kirgizstan, Аллага шугур жакшы эле кун болду. Арак ушундайга алып барып жатбайбы.
+2
Magusi
2017-02-07 09:48:07
Тобооо кылдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан