Австралияда 1,4 тонна кокаини бар кемени кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда "The Guardian" жазып чыкты.
"Австралиянын тарыхында кармалган кокаиндердин бул эң ири партиясы", - деген Австралиянын иммиграция иштери боюнча министри Питер Даттон.
Кеме Жаңы Зеландиядан баратып, австралиялык Жаңы Түштүк Уэльс штатынын жээгине жакын жерде токтотулганы маалым болду. Операциянын жүрүшүндө 6 адам кармалган. Алардын ысымдары жана улуту айтылбайт.
Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, баңгизаттын жалпы баасы болжол менен 240 миллион долларды түзөт.