Ош шаарынын тургуну ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдын ала алынган ыкчам маалыматтын негизинде Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну кармалып, күбөлөрдүн катышуусу менен өздүк кароо жүргүзүлгөн. Натыйжада анын жанынан 1 даана "ТТ" үлгүсүндөгү тапанча, 3 даана огу менен табылган. Учурда мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөндүгү үчүн кылмыш иши козголду. Ок атуучу курал атайын экспертизага берилди. Экспертиза учурунда тапанчанын ок чыгарууга жарамдуу же жараксыздыгы, кандайдыр бир кылмыштарга катыштыгы болгон-болбогону аныкталат.