28 жаштагы тургун таанышынын павильонуна кирип, буюм уурдоого шектелип кармалды

Кечээ, 6-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына 42 жаштагы И.М. арызы менен кайрылган.

Тургун арызында 6-февралда саат 01:45 чамасында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Фаст-Фуд” тез тамак жасоочу павильонго чала тааныш З. аттуу бала кирип, ичинен буюм уурдоого аракет жасаганын жазган. Ал кулпуну ар кайсы ачкычтар менен ачып көргөнү маалым болду.

Бул окуя боюнча Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголууда.

"Кылмышка шектүү делип Бишкек шаарынын 28 жаштагы Г.З. аттуу жараны кармалып, азыркы учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан