Бишкек шаарындагы "Цзи Сян" кафесинин тонолушу боюнча Биринчи Май райондук тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-пункту (каракчылык) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Кылмыш кылгандардын өздүгүн тактоо боюнча чаралар көрүлүп, ыкчам иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кафенин администрациясы тарабынан тоногондорго чара көрүү арызы түшкөн", - деп билдиришти.
Маалыматка ылайык, кафеге кирген бет капчан 4 адам ок чыгарган. Курал бытыра октуу мылтык экени болжолдонууда. Окуя болгон жерди эксперттер изилдеп, видеобайкоочудан алынган маалыматтар да дыкаттык менен изилденип жатканын кошумчалашкан ИИМден.