Бишкектин кафелеринин биринде 2-февралда таңга маал кызча кийинген 3 бала жаңжал чыгарып, журналист Азият Жекшеевдин камерасын талкалашкан. Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
"Кол салган 3 жаран соттун чечими менен тергөө бүткөнчө камакка алынган", - деди ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев бүгүн, 7-февралда.
Эскерте кетсек, Бишкектин тургундары 1995-жылкы А.А., 1997-жылкы Л.А. жана А.А. кафеге акчаны толугу менен төлөй албай жаңжал чыгарышып, окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобуна каршылык көрсөтүп, топтун кызматтык унаасына да залал келтиришкен.
"Келтирилген чыгым эсептелинип берилген. Буга чейин мага кол салуу аракеттери көп эле болгон, бирок колумдан камераны биринчи жолу жулуп алганга үлгүрүштү. Алардын бири да кечирим сураган жок", - деди журналист Азият Жекшеев.