Ооганстанда кар көчкү, бороондон каза болгондордун саны 119га жетти

6-февралдагы расмий маалыматка караганда, Ооганстандагы кар көчкү жана бороондун айынан каза болгондордун саны 119га жетти. Дагы 80 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Бул тууралуу Ооганстандагы басылмалар жазышууда.

Кардын катуу жаашы аталган мамлекеттин 22 провинциясын, өзгөчө өлкөнүн түндүк-чыгышындагы райондорду түйшүккө салды. Үйлөр бузулуп, жолдор жабылып калды. Катаал аба ырайынан келтирилген чыгым эсептеле элек. Азыркы тапта ар кайсы провинцияда транспорттук байланышты калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

Ооганстандын башчысы Мохаммад Ашраф Гани кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, эбегейсиз чоң апаат өлкө калкына олуттуу жоготууларды алып келгенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalai94
2017-02-07 16:58:23
Кочку астында калгарды Аллахым бейишине алсын. Ооган элине кайрат сабырдуулук.
+2
PROS
2017-02-07 19:10:49
Оогандык кыргыз туугандарыбыз кантишти экен? (((
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан