Ооганстандын Жогорку Сот имаратынын алдындагы жардыруудан кеминде 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 7-февраль күнү Жогорку Соттун имаратынын алдындагы унаа токтотуучу жайда болгон. Анда жан кечти сот кызматкерлери автобуска отуруп жаткан маалда жардыруу жасаган. Жардыруунун кесепетинен 20га жакын адам каза болуп, 48 адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар да бар.
Азырынча кол салууга эч ким жоопкерчилик ала элек.