Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, 61 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-февралда саат 11:45 чамасында аталган райондун Чоң-Таш айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Аламүдүн РИИБине 61 жаштагы А.Э. аттуу жарандын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, өткөн суткада өлкөдө 16 өрт кырсыгы катталды. Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы болгон.