Оштогу Тиричилик үйүндө дарыкана өрттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы саат 23:00 чамасында чыккан. Учурда 10го жакын унаа тилсиз жоону өчүрүүдө. Айрым көчөлөр унаалардын өтүүсү үчүн жабылды.