Сокулук районундагы өрт кырсыгынан 47 жаштагы аял каза болду

Сокулук районундагы өрт кырсыгынан 47 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 8-февраль күнү саат 21:08 чамасында келип түшкөн. Анда Сокулук районунун Жангарач айылында турак үйдүн өрттөнүп жатканы айтылган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барышып, аны саат 01:32де толугу менен өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1969-жылы туулган К.Жнын (аял киши) күйгөн жансыз денеси табылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан