Жайыл районунда таанышын мылтык менен атып өлтүрүп алган жаран милицияга өзү келди

Жайыл районунда таанышын мылтык менен атып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 6-февраль күнү саат 21:00 чамасында Сосновка айылындагы Көк-Жар жайытында болгон. Анда Петровка айылынын 46 жаштагы тургуну А.А. жана мал карап чогуу иштеп жүргөн Азамат, 32 жаштагы К.Т. болуп спирт ичимдигин ичишкен. Кийин ортодо чыр чыгып, А.А. "Азаматты өлтүрөм" деп чатырдын сыртынан мылтык алып келип такаган. Аны алып коюуга аракет кылган К.Тны көкүрөккө атып, Азаматты башка аткан. Анын кесепетинен Азамат ошол жерден жан берген. Окуянын эртеси А.А. кылган ишин мойнуна алып, милицияга өзү келген. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
baltabai
2017-02-09 09:55:10
Милиция өзү күүнөлүн экен
-6
nargis
2017-02-09 09:58:27
Ичкилик азайбады ит кылып адамдарды
Жанылык кобойдугоо акыркы замандагы.
+3
meni_kut
2017-02-09 10:24:31
Оштогу Дом быта районун Тиричилик уйу деп которгонун коруп,Петровка айылын да которот деп ойлопмун)Петрбек айылы деп
0
bekmyrza58
2017-02-09 13:58:14
meni_kut, дом быта деген район жок Ошто..
0
novayariga
2017-02-09 10:29:33
Арак синий киттен дагы коп адамдын омурун алды, эмнеге чара корулбойт? Деп соолука зыян деп тамекини которуп, адам олтургон арака чара коро албайбыз. Ичип жатып ууланып олгону мындан коп
+4
Kuba16
2017-02-09 12:49:55
novayariga, Арак мамлеккеттин негизги экономикасы болуп саналат аракка тыюу сала албайт .
0
Seiil.94
2017-02-09 10:56:17
Арык койдо эт болбойт,арак кордо бет болбойт.дегендей
+1
Telmanbael
2017-02-09 11:09:13
Өзү келсе кылмышка шектүү,кармалды деп жазыптыр да, как будто издеп жүрүп тапкандай.
+4
Firdaus-Muslim
2017-02-09 12:03:10
Арактын кесепетинен ушундай окуялар көп болуп жатат. Арак күнөөлөрдүн энеси.
+2
nur_zhoni
2017-02-09 14:32:00
Арак менен чылымдын баасын которуш керек бир куту чылымдын баасы 100сомдон томон болбош керек бир бутулканын баасы 200 сом болсо эн арзаны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан