Өзгөн районунда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу изделүүдө

Өзгөн районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-февралдан 9-февралга караган түнү Өзгөн шаарынан чыга бериштеги Жазы дарыясына жетпей болгон. Анда белгисиз айдоочу автоунаасы менен 30-35 жаштагы эркек адамды сүзүп, из жашырып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Азырынча маркумдун аты-жөнү тактала элек.

Ош ОИИБи бул окуяга күбө болуп же билгендерден 03222 5-52-44, 03222 2-30-87 телефон номурларына чалып, кабарлап коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
adi_ko.kg
2017-02-09 13:37:43
Жаман болуптур
0
Nazaralikarakulja
2017-02-09 14:17:29
Бирде менин эжеми [moderated] сузуп кеткен экен Эжем номерин жаттап калган экен машинасынын 1 саатта таап келишкен эмнеге качтын деп сурасак камалып кетем дедим деп Эжем азыркыга чейн аксап басат жездем жакшы эле кечирим сура акчанын кереги жок деп бир эки Уруп жолуна салган мындай кокустуктан Кудай ОЗУ сактасын
+1
baltabai
2017-02-09 14:24:26
Kudai saktasyn
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан