Франциядагы "Фламанвиль" атомдук электр станциясында жарылуу болду

Франциядагы "Фламанвиль" атомдук электр станциясында жарылуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка караганда, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында жаңы курулуп жаткан блокто болгон. Алдын ала маалымат боюнча, АЭСтин бир канча кызматкери жабыркаган. Учурда өрт өчүрүүчүлөр жарылуудан улам чыккан өрттү өчүрүп жатышат. Кырсыктан реактордук аймак жабыркаган эмес. Мындан улам адистер эч кандай коркунуч жок экенин айтышууда.

"Фламанвиль" атомдук электр станциясы Франциянын түндүк-батышында жайгашып, 1986 жана 1987-жылдары ишке кирген эки реакторду өзүнө камтыйт. Азыркы тапта үчүнчү энергоблок курулуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан