Өткөн суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
10-февралга караган түнү Бишкек шаарынын Астрахань көчөсүндө БМВ үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан чыккан.