Караколдо бир канча уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Каракол ШИИБине З.М. аттуу тургун кайрылып, 2016-жылдын 31-декабрь күнү белгисиз адамдар терезеси аркылуу үйүнө киришип, 2 уюлдук телефонун, 2 планшетин, электрондук китебин жана 3000 сом акча каражатын уурдап кетишкендиги жөнүндө билдирген.
"Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында уурулукка тиешеси бар адамдын өздүгү аныкталган. Ал ушул эле шаардын тургуну, мурда уурулук үчүн бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы Ф.А. болуп чыкты. Кылмышка шектүү адам Чүй облусунун Ленин айылында жашынып жүргөн жеринен кармалган. Убактылуу жашап жаткан үйүн тинтүү жүргүзгөн мезгилде жабырлануучу адамга жана башка кылмыштарга тиешелүү болгон буюмдар далил зат катары алынды", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.